Кыргызстанда быйыл мектеп окуучулары үчүн 1 млн 278 миң китеп басылып чыгат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Султаналиев билдирди.
«Жалпысынан 1 млн 278 миң нускада окуу китептери, эмгек китептери, окуу-усулдук колдонмолор басылып чыгып, 2023-жылдын сентябрынан тартып мектептерге жеткириле баштайт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 10 эсеге көп, 2022-жылы 123 миң китеп басылып чыккан»,-деди ал.