• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

10 адамдын сөөгү мекенине кайтарылса, 10 адамдын ала албай жүргөн эмгек акысы алынып берилген

14 Тогуздун айы 20249:48 Бишкек Govori.TV

 КР Тышкы иштер министрлигине чет өлкөлөрдөгү консулдуктар сентябрда кандай иштерди аткарышкандыгы боюнча отчет беришкен. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Алардын ичинен негизгилерине токтолсок, 10 кыргызстандык жаранга ала албай жүргөн 1 072 000 сомго жакын эмгек акысы өндүрүлүп берилген.

Мындан тышкары, Россияда, Украинада, Кытайда, Казакстанда жана Бириккен Араб Эмираттарында ар кандай оор кырдаалдарга тушуккан 22 адам мекенине кайтарылган.

Ошондой эле чет өлкөлөрдө каза болгон 10 адамдын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө жардам көрсөтүлгөн.

Мындан башка дагы ондогон ар кайсы өлкөлөрдө түрмөлөрдө отурган мекендештерге укуктук жардамдар, ар кандай кеп-кеңештер берилген.

Количество просмотров: 114