• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

10-мартта күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

9 Жалган куран 202017:35 Бишкек Govori.TV

10-мартта Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз 7…12;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…6;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 7…9 градус болот.

Количество просмотров: 1086