• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

10-мартта күтүлгөн аба ырайы

9 Жалган куран 202615:05 Бишкек Govori.TV

10-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 0…5;

Таласта түнкүсүн -1…+4, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндуз 4…9;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндуз 8…13;

Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8.

Бишкекте түнкүсүн 0…2°, күндүз 2…4° жылуу болот.

Количество просмотров: 275