• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

10 салыкчы жазаланды

7 Баш оона 202014:10 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 7 айында жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы менен 10 салыкчы жазаланып, салык мыйзамын бузгандыгы үчүн 4 ишкер административдик жазага тартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыл башынан бери Салык кызматына жарандар тарабынан 87 даттануу келип түшкөн.

«Кабыл алынган тийиштүү чаралардын натыйжасында 2 кызматкер ротацияланды, 1 катуу сөгүш, 5  сөгүш, 2  эскертүү жарыяланды. Мындан тышкары, бир даттануу боюнча материалдар ИИМге өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, жарандар салыкчылардын иштерине гана эмес, салык мыйзамдарын бузуу менен иш жүргүзүп жаткан ишкерлерге карата да даттануу менен кайрылса болот.

Количество просмотров: 100