• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

1 миллион сомдук акцизи жок тамеки продукциясы кармалды

13 Чын куран 202620:41 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, рейд учурунда Беловодское айылынан акциз маркасы жок тамекилер табылган.

Маалыматка ылайык, сатуу максатында сакталган 7 миң 540 даана тамеки кутусу аныкталып, алардын жалпы суммасы болжол менен 1 миллион сомду түзгөн. Бул факт аткезчилик (контрабанда) катары каралууда.

Аталган факт боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берилет жана тиешелүү чаралар көрүлөт.

Мамлекеттик салык кызматынын тасмасына шилтеме: https://www.youtube.com/watch?v=JMyHpkAtzS0&t=3s

Количество просмотров: 104