• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Салык кызматы өлкөгө 7,6 тонна курманы мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт койду

9 Жалган куран 202614:37 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өлкөгө кургатылган жемиштердин ири партиясын мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюшту.

Ведомстводон билдиришкендей, рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө Казакстандан келген жүк ташуучу унаалардын бири текшерилген. Анын натыйжасында эсепке алынбаган товарлар — жалпы салмагы 7 миң 600 кг болгон курма жемиши аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Салык кызматынын кызматкерлери тиешелүү актыларды түзүштү. Чогултулган материалдардын негизинде тийиштүү салыктык текшерүүлөр жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 84