Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов блогерлерди салыктан бошотуу чечими жана мунун тегерегегиндеги талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берди.
“Көптөр бүгүнкү күнгө чейин блогерди жөн гана телефон кармаган адам катары көрөт. Бирок бүгүнкү ийгиликтүү блогер – бул чакан медианын өзү. Ал эми эртең журналисттери, операторлору, монтажерлору, продюсерлери жана маркетологдору бар толук кандуу медиа-компанияга айланышы мүмкүн. Демек, бул – жумуш орундары, өз долбоорлору жана келечектеги салыктар дегенди билдирет. Ушундай эле көрүнүш мурда IT-компанияларга карата да болгон. Көптөр аларды олуттуу кабыл алышкан эмес. Бирок бүгүн алар бүтүндөй мамлекеттердин экономикасынын негизин түзүп жатышат”, — деди Шыкмаматов.
Ал президенттин мындай чечимин “стратегиялык” деп мүнөздөдү.
Эске салсак, 12-июнда президент Садыр Жапаров IT чөйрөсүндө иштегендерди, жасалма интеллектти, тиркемелерди иштеп чыккандарды, блогерлерди, чет өлкөлүк компаниялар үчүн аралыктан иштегендерди, стартаперлерди, кинофильмдерди, видео жана телеберүү программаларын тартуу менен алектенгендерди беш жылга салык төлөөдөн бошотуу боюнча жарлыгын чыгарган. Ал тармактарда иштегендер үчүн киреше салыгынын жеңилдетилген ставкасы 5%, ал эми камсыздандыруу төгүмдөрү 12% деп белгиленген.
Мындай чечим коомчулукта талкууларды жараткан болчу.