• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

10-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

9 Аяк оона 202516:48 Бишкек Govori.TV

10-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25;

Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Бишкек шаарында түнкүсүн 15…17°, күндүз 28…30° жылуу болот.

Количество просмотров: 133