• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026
Screenshot

Аю-Төр капчыгайында таш түшүп, Каракол суусунун нугу бурулду

15 Теке 202611:29 Бишкек Govori.TV

Ак-Суу районундагы Каракол жаратылыш паркында тоо этектеринен таш-топурак түшүп, Каракол суусунун нугу бурулган. 

ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиришкендей, натыйжада ички чарбалык жолду суу жууп кетип, каттам убактылуу үзгүлтүккө учурады. 

Окуя 14-июль күнү Аю-Төр капчыгайында катталган. Тоодон эки тилкеден түшкөн таш-топурак Каракол суусуна куюлуп, суунун нугун тоскон. 

«Жолдун бузулушунан улам капчыгайдын жогору жагында каттам убактылуу токтогон. Болжол менен 40 турист жана 35 жергиликтүү тургун жолдо калган. Ал жерде 8 жеңил унаа өтө албай калган. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар жок. Аталган аймакта түнөп калуу үчүн атайын база жайгашкандыктан, жарандар коопсуз шартта ошол базада калышкан», — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге дароо Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган. Бүгүн Ак-Суу райондук Жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик тарабынан атайын оор техникалар тартылып, жолду калыбына келтирүү жана суунун нугун тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 18