Кадамжай районунда 10 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-июнда Кереге-Таш айылында 2012-жылы туулган Т.А. аттуу жаш бала Исфайрам – Сай дарыясына түшүп кеткен.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 8 куткаруучу тартылган. Кеч кирип кеткендигине байланыштуу издөө иши убактылуу токтотулган.
Бүгүн, 13-июль күнү издөө иштери уланат.