• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Ысык-Көлдө индиялык 2 студент сууга чөгүп кетти

24 Чын куран 2024 14:36 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө Индиянын эки жараны сууга чөгүп кетти. Маалыматты Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кырсык 21-апрелде Чолпон-Атадагы «Көгүлтүр Ысык-Көл» эс алуу жайында болгон. Маалымат милициянын нөөмөт кызматына саат 13:00дө түшкөн.

«Жерине райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу барып, териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында сууга чөккөндөр Индиянын 20 жана 19 жаштагы жарандары экендиги аныкталган. Алар Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери болушкан. Көл жээгине эс алууга келген студенттер пирстен секирип, суудан чыга албай чөгүп кетишкени аныкталды. Маалыматта алар менен чогуу эс алууга келген мекендештери тастыкташты», — деп билдиришти милициядан.

Аталган окуя Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертизасы дайындалды.

Териштирүү иштери уланууда.

Количество просмотров: 122