• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Кочкордо сууга чөгүп кеткен баланы издөө иштери уланууда

1 Тогуздун айы 202014:02 Бишкек Govori.TV

Кочкор районунда сууга чөгүп кеткен баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-августтунда Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жашар бала чөгүп кеткен.

30-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМнин куткаруучулары тартылган. Жыйынтык болгон эмес.

Бүгүн, 1-октябрь күнү издөө иштери улантылат.

Количество просмотров: 126