Министрлер кабинети Кыргызстандын бийик тоолуу жана алыскы, жетүүгө кыйын аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге «Бала Береке» бир жолку жөлөк пул берүүнүн тартибин бекитти.
2026-жылдын 1-январынан кийин төрөгөн энелерге бир жолку “Бала Береке” жөлөк пулунун өлчөмдөрү төмөнкүдөй белгиленген:
4-балага – 100 000 (жүз миң) сом;
5-балага – 600 000 (алты жүз миң) сом;
6-балага – 800 000 (сегиз жүз миң) сом;
7-балага – 1 000 000 (бир млн) сом;
8-балага – 1 200 000 (бир млн эки жүз миң) сом;
9-балага – 1 500 000 (бир млн беш жүз миң) сом;
Онунчу же андан кийинки балага – 2 000 000 (эки млн) сом.