Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» аттуу ай сайын берилүүчү жөлөк пул боюнча негизги маселелерге түшүндүрмө берди.
Кимдер жөлөк пул алууга укуктуу?
«Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ар айлык жөлөкпулун бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда, өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарда жайгашкан калктуу конуштарда жашаган үй-бүлөлөргө төмөнкү учурларда дайындалат:
Жөлөк пул дайындоодо үй-бүлөнүн кирешеси эске алынабы?
Жок, жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жана социалдык-экономикалык абалына карабастан берилет.
Жөлөк пул алуу үчүн кайда кайрылуу керек жана кандай документтер талап кылынат?
Бийик тоолуу аймактардын жашоочулары жашаган жери боюнча Эмгек министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө кайрылышы керек. Жөлөк пул дайындоо үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
Кандай учурларда жөлөк пулдун төлөнүшү токтотулушу мүмкүн?
Төлөмдөрдүн мөөнөтү:
Жөлөк пул арыз берилген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып балдар 3 жашка чыкканга чейин чектелет. Мисалы, 2026-жылдын январь айында берилген арыздар боюнча төлөмдөр 2026-жылдын 1-февралынан баштап жүргүзүлөт.
Каттоо жана дарек:
Жарандын жашаган жери жана турган жери (катталган жери) боюнча каттоо эсебинде («Даректик маалымкат бюросу» АИС) катталган дареги жашаган жери боюнча «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системасында катталган дарекке дал келиши керек.
Эгер каттоо жок болсо, убактылуу каттоого туруу үчүн айыл өкмөтүнө кайрылуу зарыл.
Министрлик ошондой эле чет өлкөдө төрөлгөн балдар боюнча маалыматтарды тактоо иштерин жүргүзүүдө.