Мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстандагы «экономикалык кереметин» улантуу үчүн азыркы президент Садыр Жапаровду кыргыз эли дагы колдошу керек деп эсептейт.
19-июнда Ысык-Көл форумунда сүйлөгөн Акаев учурдагыдай экономикалык өсүш уланса, кыргыз эли жакынкы 8-10 жылда жаңы «экономикалык кереметти» жаратарын айтты. Акаев эл катаал учурда Садыр Жапаровду президент кылып шайлаганын кошумчалады.
«Кыргыз эли учурдагы президент Садыр Жапаровго «кыргыз экономикалык кереметин» ишке практикалык түрдө ашырууга кошумча мандат берсе, дайым боло келгендей эле, кеменгерлик кылат эле деп эсептейм. Сиздер жакшы билесиздер, «экономикалык керемет» кеминде 8-10 жылды талап кылат», — деди Акаев.