4 жаштагы Эльдар Таалайбеков тез арада жардамга муктаж. Ага 2 айлык кезинде операция жасалып, Spina Bifida диагнозу коюлган.
Айласы кеткен ата-эне Түркия, Бразилия, Индиядагы дарыгерлерге кат жолдоп, акыры баласын Израиль өлкөсүнө алып барууну чечишкен.
Эльдар үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу. Анын операциясына 100 миң доллар керек. Бөбөккө каражат топтоо үчүн үстүбүздөгү жылдын май айында атайы эсеп ачылган. Бөбөктүн жакындары кайдыгер карабаган жарандардан жардайм сурайт.