• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

100 миң долларга алдап кеткен… Ысык-Көлдө УКТнын мүчөсү кармалды

22 Баш оона 2022 13:51 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга Каракол шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, анда ал чала тааныш адам ишеничине кирип, 32 миң АКШ доллар акчасын, «Лексус-470» үлгүсүндөгү жана башка унааларын өзүнө ыйгарып алганын, жалпысынан 100 миң АКШ долларын түзгөн материалдык зыян келтирилгенин маалымдаган.

Аталган факт облустук милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин Алдамчылык беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү жаран аныкталып, колго түшүрүлдү. Ал УКТнын мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Балыкчы шаарынын 27 жаштагы С.К. аттуу тургуну болуп чыкты.

Шаардык соттун чечими менен кылмышка шектүү жаран бир айга камакка алынды. Тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 202