• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

№1047 шайлоо участкасы бир күндө 251 адамды каттоодон өткөргөн

11 Аяк оона 2020 19:42 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндөрдө жана айрым ЖМКларда шайлоо участкалары жарандардын арызын кабыл албай жатат деген маалыматтар тарады. Буга байланыштуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова менен журналисттер биргеликте Бишкектеги шайлоо участкаларын кыдырып, текшерүү жүргүздү.

Рейддин жүрүшүндө жалпы беш участок текшерилип, анын үчөө мыйзам бузгандыгы аныкталды. Алсак, бир күн ичинде 1600дөн ашуун адам №20 форма менен катталган учурлар кездешти.

Количество просмотров: 60