• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

11.12.2017 Күндүн ыргагы: Отунбаева Текебаев менен жолукту, Кулматов менен Ниязов эски кызматтарына барышты

11 Бештин айы 2017 18:58 Бишкек Govori.TV

Отунбаева Текебаев менен жолугуп чыкты

Бүгүн күндүзгү саат 11:00дө экс-президент Роза Отунбаева 47-абакка кирип “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен жолугушту.

Эскерте кетсек, Биринчи май райондук соту Орусиялык жарандын арызынын негизинде оппозициялык саясатчылар Ө.Текебаев жана Д.Чотоновду 8 жылга эркинен ажыраткан. Ал чечимди шаардык жана Жогорку Соттор күчүндө калтырган. “Ата Мекен” партиясынын юристери соттун чечимине макул эместиктерин билдирип эл аралык сотко кайрылууга даярданып жатканын билдиришкен.

Кулматов менен Ниязов кайрадан келишти

Бүгүн президенттик аппаратта жана өкмөттө маанилүү кадрдык дайындоолор болду. Тагыраагы эскилердин жүрүшү менен коштолду.

Премьер-министр Сапар Исаков, бажы кызматына Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовду дайындады. Мамлекекттик бажы кызматынын жетекчилигине Кубанычбек Кулматов дайындалганын премьер-министр Сапар Исаков журналисттер менен маектешүү учурунда билдирди. Тийиштүү буйрукка бүгүн кол коюлган. Сапар Исаковдун айтымында, президент бул сунушту колдоду. Кулматов буга чейин да, 2010-2013-жылдар аралыгында Бажы кызматын жетектеген. Андан соң Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусун башкарып, 2017-жылдын сентябрь айында Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган.

Кулматов 4 жыл мурунку кызматына барса Фарид Ниязов дагы мурдагы кызматы президенттин аппарат башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Өлкө башчысынын башка жарлыгы менен Алмаз Үсөнов кызматынан бошотулду. Фарид Ниязов мурда дагы Президенттин аппаратын жетектеген. Андан соң президенттин кеңешчиси, Сооронбай Жээнбековдун штаб башчысы болуп иштеген.

«Республика-Ата-Журтсуз» коалиция

Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлүп, ага “Республика-Ата-Журттан” башка бардык фракциялар кирди. 25 добуш менен Алмаз Кененбаев шаардык кеңештин төрагасы болуп шайланды. Ага жыйынга катышкан 41 депутаттын 13ү каршы добуш беришкен. Маалымат катары айта кетсек, Кененбаев буга чейинки коалицияда дагы төрага катары бир жыл иштеген. Шаардык кеңештеги жаңы коалициялык көпчүлүк КСДП фракциясынын курамдан чыгышы менен ураган. Ал эми фракциянын альянстан чыгуу себеби ички талаптар аткарылбай, саясатташып кеткендиги менен байланыштырышат.

Ал эми, Бишкек шаардык кеңешинин экс-төрагасы Канатбек Музуралиев коалициянын башчысы Канат Кененбаев өзүнүн ишине тескери баа берип анан коалиция тараткандыгын айтат.

«Жараткандын алдында күнөөкөр эмес дейт, а мыйзамдынчы»?

Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Жараткан алдында күнөөкөр болгон жок. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев дин ааламына карата айтылган коомдук пикир боюнча жасаган билдирүүсүндө айтты.

Эскерте кетсек, Чубак ажы Жалилов телеберүүлөрүнүн биринде экинчи аял алганын тастыктаган. Аалымдын бул кадамы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, бир даары Жалиловдун аракетин сынга алса, айрымдар буга дин уруксат берерин айтып чыккан. Экс-муфтийдин экинчи аял алышына укуктук баа берүү үчүн прокуратурага арыз жазылып, Жалилов менен милиция кызматкерлери аңгемелешүү өткөргөн.

 

 

 

 

 

 

 

 

Количество просмотров: 32