• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

11 айда өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 44 адам каза болду

6 Бештин айы 2023 13:10 Бишкек Govori.TV

2023-жылдын 11 айында республиканын аймагында 33 (2022-жылы 58) өзгөчө кырдаал катталды. Бул тууралуу 2023-жылдын 11 айынынын жыйынтыгы боюнча «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, алардын кесепетинен 44 (2022-жылы 342) адам каза болду, келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 293 млн 628,5 миң сомду түзгөн. Ал эми былтыр ушул мезгилде өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 342 адам каза болсо, келтирилген чыгым 4 млрд 599 млн 526,7 миң сомду түзгөн.

«Салыштырмалуу быйыл өзгөчө кырдаалдар былтыркы жылга салыштырмалуу 44,4% пайызга азайды», — деди ал.

Ажикеев кошумчалагандай, жалпысынан республика боюнча жалпы ар кандай өзгөчө кырдаалдардан 165 адамдын өмүрү куткарылып, куткаруучулар тарабынан жалпысынан 918 адамга жардамга көрсөтүлгөн.

Количество просмотров: 55