• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

11-августта күтүлгөн аба ырайы

10 Баш оона 202214:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 11-августта түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +26…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +30…+35,

Нарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +28…+30 градус болот.

Количество просмотров: 140