• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

11 бейтап коронавирустан айыкты

4 Бугу 2020 10:12 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда дагы 11 бейтап коронавирустан айыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

«Сутка ичинде коронавирустан 11 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 7, Нарын облусунда – 4 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 575 жетти. Ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыкты», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 4-майга карата коронавирус жуктурган 35 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 830 жетти.

Количество просмотров: 52