• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

11 кичиавтобустук каттам  Бишкек  мэриясынын карамагына өттү

28 Теке 2022 17:39 Бишкек Govori.TV

11 кичиавтобустук каттам «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Транспорт жана жол-траснпорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти Бишкек шаарындагы 11 маршруттук линияларды, тактап айтканда, №№102, 129,133,139,143,150,161,176,179, 200, 212 кичиавтобустук каттамдарды тейлеген ташуучу-фирма «БАТП ЛИГА» ЖЧКсы менен келишимди бузган.

Пландаштырылган иш-чаралардын жүрүшүндө жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердигин жүргүзүү укугун тастыктаган зарыл документтер жок экендиги аныкталгандыктан, келишим токтотулган. Ташуучу-фирмада жүргүнчүлөрдү ташуу укугуна лицензиясы болгон эмес.

Тактап айтсак, «Автомобиль транспорту жөнүндө» КР мыйзамынын 14-беренесине ылайык, тиешелүү уруксаты жок автотранспорт каражаттары менен коммерциялык ташууга тыюу салынат.

Мэриядан белгилешкендей, департаменттин директору эмне үчүн лицензияны узартпай койгондугун билүү үчүн ташуучу-фирманын жетекчиси Б.Матисаковго дароо телефон чалган. Бирок жеке фирманын жетекчисинен түшүнүктүү жооп келген жок. Бул «БАТП ЛИГА» ЖЧКсы менен келишимдик мамилени бир тараптуу токтотууга негиз болгон.

«11 кичиавтобустук каттамдардын ишин үзгүлтүккө учуратпоо жана жарандарды коомдук транспорт менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Транспорт департаменти сынакка чейин аталган маршруттук линияларды “Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы” муниципалдык ишканасына убактылуу бекитип берүүгө мажбур болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 377