• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Чүй дарыясынын жээги бекемделүүдө

24 Теке 202617:34 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Сокулук жана Аламүдүн райондорундагы Чүй дарыясынын жээгинде жүргүзүлүп жаткан бекемдөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, быйыл дарыянын жалпы узундугу 7220 метрди түзгөн тогуз тилкесинде жээк бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.

«Анын ичинен 1720 метрди түзгөн төрт тилкедеги иштер толук аяктап, калган беш тилкеде курулуш белгиленген графикке ылайык уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Министр жооптуу кызматтарга иштерди сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды. Долбоор суу ташкынынын алдын алуу жана дарыя жээгиндеги аймактарды коргоого багытталган.

Количество просмотров: 14