Бүгүн Чолпон-Ата шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын ШКУнун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына туш келип,уюмдун Бишкек шаарында өтө турган саммитине даярдыктын жыйынтыктоочу этабы болду. Кыргызстандын ШКУга төрагалыгы «ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге» деген ураан астында өтүүдө.
Министрлер эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, ШКУ мейкиндигинде коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылууну, соода-экономикалык кызматташтыкты, транспорттук байланышты, энергетиканы, санариптештирүүнү жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
«Эл аралык мамилелердеги геосаясий чыңалуунун күчөшүнүн жана ишеним кризисинин шартында министрлер адилеттүү көп уюлдуу дүйнөлүк тартипти калыптандыруу, коопсуздукту, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында күч-аракеттерди бириктирүүнүн зарылдыгын белгилешти. Ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттер БУУнун эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу борбордук ролун бекемдөөнүн, ошондой эле Уюмдун Уставын сактоонун маанилүүлүгү боюнча жалпы позициясын ырасташты», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле терроризм, экстремизм, сепаратизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө, киберкылмыштуулукка жана башка заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоого берилгендигин тастыкташты.
Экономикалык күн тартиптин алкагында биргелешкен инвестициялык, инфраструктуралык жана транспорттук-логистикалык долбоорлорду колдоо үчүн ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү боюнча консультациялардын илгерилеши белгиленди. Маданий-гуманитардык багытта Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында өткөрүлгөн иш-чараларга, анын ичинде ШКУнун Эл аралык Ысык-Көл марафонуна жана Чыңгыз Айтматовдун мурасына арналган Ысык-Көл эл аралык форумуна жогору баа берилди.
Мындан тышкары, алдыдагы ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына даярдык көрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Министрлер уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин кароосуна сунуштала турган документтердин негизги топтомун макулдашты.
Өткөн жыйын ШКУга мүчө мамлекеттердин өз ара урматтоо жана макулдашылган аракеттердин негизинде тынчтыкты, туруктуулукту, жакшы коңшулук мамилелерди, ошондой эле биргелешкен өнүгүүнү чыңдоого болгон жалпы умтулуусун дагы бир жолу тастыктады.