Бүгүн, 28-мартта Бишкек мэриясы 11-кичирайондогу гараждарды бузууну баштаган. Бирок, ага каршы болгон жарандар менен пикири келишпестик оруналды. Гараждардын ээлери мэриянын аракеттерине каршылык көрсөтүп, унаалардын өтүүсүнө бөгөт коюшкан.
Натыйжада милиция кызматкерлери тарабынан кармалган айрым жарандар бардык жагдайларды тактоо үчүн РИИБге жеткирилергенин билдирди.
Ал эми Бишкек шаардык мэрия окуя боюнча комментарий берди. Мэрия бүгүн гараждардын астындагы аянт муниципалдык экенин билдирди.
«Сот отурумуна бардык тараптар, анын ичинде ГСКнын төрагасы Владимир Шульгин жана өкүл М.Макенов катышкан. Сот актысы М.Макеновго өткөрүлүп берилген, бул тууралуу тиешелүү тилкат тастыкталды. Кийинчерээк №20 ГСК Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылып, соттун аныктамасы менен мамлекеттик алым төлөнбөгөндүктөн арыз кайтарылган. Бул чечим Жогорку Сотко даттанылгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун чечими менен экинчи инстанциянын сот актысын өзгөртүүсүз калтырган. Башкача айтканда, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечими күчүндө калтырылып, бүгүнкү күндө муниципалдык аймакта жайгашкан объектилерди демонтаждоо мыйзамдуу түрдө жүргүзүлүүдө»,- деп билдиришти муниципалитеттен.
Ошондой эле, мэрия демонтаждоо боюнча алдын ала эскертүүлөр бир нече жолу берилгенин кошумчалады. Калган гараждар ыктыярдуу түрдө демонтаждалбаса, муниципалдык инспекция аларды бузууга мажбур болот деген эскертүү менен чапталган.