Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда, Нарын облусунда Балыкчы – Кочкор темир жолунун жана Кочкор станциясынын ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы Кочкор станциясына поезд менен келип, жаңы темир жол каттамын жеке өзү текшерип, аткарылган иштердин сапатына баа берди.
Андан соң ал жаңы станциянын имаратын көрүп чыгып, анын инфраструктурасы менен таанышты.
Мындан кийин Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бул күн эгемендүү Кыргызстандын тарыхына дагы бир маанилүү этап катары кирерин белгиледи.
Узундугу 63 чакырымды түзгөн Балыкчы – Кочкор тилкеси Балыкчы – Кара-Кече – Макмал темир жол линиясын куруу долбоорунун биринчи этабы болуп калды.
“Баарынан мурда, бул темир жолду биз өз күчүбүз менен куруп жатканыбызды өзгөчө белгилегим келет. Курулуш учурунда болжол менен 1 млн куб метр жардыруу иштери жүргүзүлүп, 8 км тоо тилкеси тазаланды.
Жолдун өзүнүн курулушуна 1 км үчүн 955 миң АКШ доллары сарпталды”, — деди Президент.
Салыштыруу үчүн ал чет өлкөлүк компаниялар сунуштаган — бир чакырымына 4,8 миллиондон 6,8 миллион АКШ долларына чейинки курулуш наркын келтирди.
“Мунун өтө кымбат экенин түшүнүп, тобокелчиликке барууну чечтик жана “Жолду баскан арбытат” деген принцип менен ишти өзүбүз колго алдык.
Бул жерде Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолуна байланыштуу дагы бир салыштыруу келтирсе болот. Узундугу 433 чакырым болгон Балыкчы — Жалал-Абад жолунун долбоорунда бир чакырымдын баасы 2,5 миллион доллар деп көрсөтүлгөн.
Бирок ошентсе да бул жол аягына чыкпай бүгүн да толук пайдаланууга берилбей турат.
Албетте, бул сумманын жарымынан көбү уурдалып кеткен”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Ал негизи темир жол менен авто жолду салыштырып болбой турганын — темир жол кымбат жана татаал курулуш экенин айтты. Бирок бардык кыйынчылыктарга карабай, темир жолдун бир чакырымы кыйла арзан курулду.
“Биз бул жолду өзүбүз куруу менен темир жол куруу маданиятыбызды,инженердик мүмкүнчүлүгүбүздү жана кесиптик тажрыйбабызды кайра жандандырдык десек болот.
Бул биздин өлкө өз алдынча ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашырууга
жөндөмдүү экенин далилдеген тарыхый жетишкендик болуп саналат”, — деди Мамлекет башчысы.
Ал 2022-жылдын 31-мартында, “Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече” темир жолунун курулушуна старт берилип, келечек муундар үчүн мезгил кутучасы салынганын эске салды.
“Ал кезде көптөр бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашарынан күмөн санашкан. Бирок бүгүн биз ошол тарыхый чечимдин туура болгонун сыймыктануу менен айтып да, далилдеп да келе жатабыз”, — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.
Бул иш чоң мээнетти талап кылып, темир жол куруу иштери бир катар татаал участоктордо: саздуу аймактарда, аскалуу жерлерде, Орто-Токой суу сактагычынын жанында, иштеп жаткан унаа жолдорунда жана инженердик коммуникацияларда жүргүзүлгөнү өзгөчө белгиленди.
Президент экономикалык жагына өзгөчө көңүл бурду.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жүк ташуулардын көлөмү дээрлик 11 млн тоннага жетип, 2021-жылдагы 7 млн тоннага салыштырганда 36 пайызга өстү.
Бул – ата мекендик темир жол тармагынын тарыхындагы эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири.
Ошол эле мезгилде жүргүнчүлөрдүн саны да олуттуу өсүп, 2021-жылдагы 255 миң адамдан 2025-жылы 432 миң адамга жетти.
Көрсөткүч 69 пайыздык өсүштү түздү.
“Мындай ыргак темир жол тармагындагы иштин натыйжалуулугу улам артып жатканын, жарандардын бул транспорттун түрүнө болгон ишеними күчөгөнүн жана өлкөнүн транспорт системасындагы ролу кеңейип жатканын айгинелейт”, — деди Президент жана жакында эле “Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата” темир жолунун курулушуна старт берилгенин эске салды.
Садыр Жапаров ошондой эле келечекте “Кочкор – Кара-Кече – Макмал” темир жолунун курулушу башталарына токтолду. Бул стратегиялык долбоор өлкөбүздүн түндүгү менен түштүгүн темир жол аркылуу бириктирип, Кара-Кече көмүр кенин өндүрүш борборлору менен байланыштырып, Кыргызстандын ички жүк ташууларын жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрөт.
Ошондой эле бул долбоорлордун мультипликативдик таасири өзгөчө белгиленди. Бул ири инфратүзүмдүк долбоорлор Кыргызстандын ички темир жол тармагын бирдиктүү системага айландырууга, транспорттук байланыштарды чыңдоого, аймактардын экономикалык интеграциясын тереңдетүүгө, ошондой эле өнөр жайдын, туризмдин жана логистиканын туруктуу өнүгүшүнө чоң түрткү берет.
“Келечекте бул багыт дүйнөлүк мааниге ээ болгон “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан”
эл аралык темир жол коридоруна кошулат.
Натыйжада Кыргызстан континенттерди байланыштырган стратегиялык транспорттук түйүнгө айланып, өлкөбүздүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, экспорт өсүп, жаңы инвестициялар тартылып, туристтер дагы да көбөйүп, бүгүн 13 миллионго жетти,
экономиканын туруктуу өсүшүнө бекем негиз түзүлөт”, — деп белгиледи Президент.
Сөзүнүн соңунда Мамлекет башчысы миңдеген темир жолчулардын, инженерлердин, куруучулардын жана адистердин эмгегин белгилеп, аларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле бул эмгектин жыйынтыктары көп жылдар бою Кыргызстандын элинин бакубатчылыгына жана келечек муундардын өсүп-өнүгүшүнө кызмат кылышын каалады.
Андан соң Президент Садыр Жапаров атайын ачкычтын жардамы менен Балыкчы — Кочкор темир жол тилкесиндеги акыркы жол бурамасын бекемдеди. Бул магистралдын аталган бөлүгүнүн курулушунун ийгиликтүү аякташынын символдук белгиси болду.
Мындан кийин жергиликтүү тургундар менен кыскача баарлашуу болду. Алар темир жол Макмалга чейин улантылып, андан ары Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан магистралы менен туташтырыларына үмүт артышты.
Өз кезегинде Мамлекет башчысы белгиленген бардык пландарды ийгиликтүү ишке ашыруунун негизги кепилдиги — өлкөдөгү туруктуулук экенин баса белгиледи.