• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Казакстандын президенти Путинге Украинадагы согушту токтотуп турууну сунуштады

26 Теке 20260:21 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушууда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча өз көз карашын билдирди. Анын сөзүнүн тексти Акорда тарабынан жарыяланды.

«Бул жерде кандайдыр бир жарандык согуш жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Биз ар дайым украин элине, анын маданиятына жана тилине урмат менен мамиле кылып келгенбиз. Ошол эле учурда бул жаңжалдын табияты көпчүлүккө, анын ичинде бизге да толук түшүнүктүү эмес деп эсептейбиз. Мен сиздин Аляскадагы Анкоридж шаарында өткөн жолугушууда дипломатиялык ийкемдүүлүктү эң жогорку деңгээлде көрсөткөнүңүздү билем. Мага кайрылып жатышкан соң, өзүмдүн жөнөкөй пикиримди айтайын дедим: балким, бул жаңжалды азырынча токтотуп туруп, Стамбул формуласы 2.0га кайтып келүү керекдир. Анткени ал жерде олуттуу жыйынтыктарга жетишилген болчу. Андан кийин, албетте, Орусияны кошкондо улуу державалардын кепилдиги алдында көптөн күткөн тынчтыкка карай жылууга болот.

Казакстан бул маселеде сырттан караган өлкө эмес. Бирок бардык сунуштарга жана чакырыктарга карабастан, мен ортомчу болуудан кескин баш тартам. Анткени мен Орусия улуу мамлекет, ал эми орус эли улуу эл экенин билем. Айтылгандай, ал күн тартибиндеги бардык маселелерди ортомчусуз эле өзү чече алат. Бирок бүгүн өзүмдүн жөнөкөй пикиримди айтууну туура көрдүм. Себеби эл менин Омскиге барууну пландаганымды жана бүгүнкү жолугушуу тууралуу билет.

Бул кырдаалдан кантип чыгуу керек экенин эч ким так билбейт, анткени тараптардын өз позициялары бар. Бирок экинчи жагынан, бул процессти убактылуу токтотуп туруу мүмкүнчүлүгү бар. Мындай ыкма эл аралык практикада буга чейин колдонулуп келген. Анткени жаш адамдардын курман болуп жатканы өтө өкүнүчтүү. Алар Орусия менен Украинанын бир тууган элдеринин генофонду. Ошондуктан мунун баарын токтотуу керек. Менин бекем ишенимимде, азыр болуп жаткан окуялар Орусиянын да, Украина мамлекетинин да душмандарына гана пайдалуу болуп жатат», — деди Касым-Жомарт Токаев.

Сөзүнүн соңунда ал Орусия менен стратегиялык өнөктөштүккө жана союздаштык мамилелерге берилгендигин дагы бир жолу ырастады.

Количество просмотров: 10