11-мартта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17;
Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7.
Бишкек шаарында түнкүсүн -1…+1°, күндүз 14…16° жылуу болот.