• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

11-сентябрда күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

10 Аяк оона 2018 17:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.09.2018.Govori.TV.
Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 11-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын жок. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Баткенде түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 21…26 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте 11-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 23…25 градуска чейин көтөрүлөт.
Количество просмотров: 17