Бүгүн, 25-июлда, жапырт камалган 11 журналисттин иши боюнча сот отуруму Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда уланды.
Бүгүнкү отурумда Кыргыз улуттук Илимдер академиясынан эксперт катары Жанышбек уулу Азамат суралмак, бирок ал сот отурумуна келген жок. Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, Кыргыз улуттук Илимдер академиясынын имаратында оңдоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу , академиянын кызматкерлери эмгек эргүүсүнө чыгарылган.
Сотто ишти изилдөө улантылууда.
18-июлда өткөн сот отурумунда эксперттер сурала баштаган. Эксперт Нурлан Сакпаев “Эркиндик берилбейт, эркиндик үчүн күрөшөлү” деген сөз болбогондо массалык башаламандыкка чакырыктын белгилери жок деп тыянак чыгармакмын» деп жооп берген.
Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар) менен кылмыш ишин козгогон. Бирок, камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып, коюлган дооматтарга макул эмес.