Бүгүн, 19-сентябрда Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча кезектеги отуруму жылдырылды.
Сот отурумунда айыптоочу көз карандысыз экспертти сурака алуу боюнча өтүнүч келтирди. Өтүнүчтү сот канааттандырып, кийинки сот отуруму 26-сентябрда өтмөй болду.
Эске салсак, 11 журналистке карата 16-январда кылмыш иши козголгон. 7 журналист үй камагына чыгарылып, төрт журналист азыркы тапта тергөө абагында отурушат.