«Ойлон» долбоордун алкагында Govori.TV подкастарды чыгарып жатат. “Ойлон” долбоору адамдарды кандайдыр бир маалыматты таратуудан же ага ишенүүдөн мурун ойлонууга үндөйт. Подкаст пропаганда жана фейктерге каршы критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган.
Бул ирет сөз эркиндиги менен пропаганданын ортосундагы чек тууралуу баарлашуу болду. Жаңылыктар агымы күчөп турган азыркы учурда бул эки түшүнүк көп учурда аралашып, коомчулукта суроолорду жаратат. Подкастка «Журналисттер» коомдук уюмунун жетекчиси, медиаэксперт Нурдин Дүйшенбеков катышты.
Подкастта Кыргызстандын мыйзамдарында сөз эркиндиги кантип корголгон? Эркиндик менен жоопкерчиликтин ортосундагы баланс кандай болушу керек деген темалардан баштап, андан соң пропаганда деген эмне жана ал кандай иштейт, пропаганданын негизги белгилери кайсылар, пропаганда менен жөнөкөй пикир билдирүүнүн ортосунда кандай айырма бар? Айрым учурда «патриоттук пикир» деп айтылган билдирүүлөр пропаганданын формасына айланып кетпейби деген маселеге Дүйшенбеков токтолду.
Мындан тышкары, ким аныктайт — бул эркиндикпи же пропагандабы? Өкмөттөр, медиа платформалар же коомчулук – бул чекти ким коюшу керек, цензура менен редакциялык саясаттын айырмасы эмнеде дегенге Дүйшенбеков саресеп салды.
Подкастта соцтармактарда ар ким өз оюн эркин айта ала тургандыгы, бирок бул чыныгы эркиндикпи же жоопкерчиликсиздикпи деген суроого жооп изделди. Фейк аккаунттар жана троллдордун көбөйүшү коомдук пикирге кандай таасир берип жатат, адамдар маалыматты кабыл алууда эмнелерге көңүл бурушу керек? Жарандык журналистиканын ролу кандай болушу керек, негизи медиа сабаттуулук боюнча темаларга да басым жасалды.