• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

11 журналисттин сотунда эксперттер суралып бүттү

12 Аяк оона 202413:44 Бишкек Govori.TV

Ленин райондук сотунда көптөн бери каралып жаткан 11 журналисттин соттук иши бүгүн уланды.

Соттун жүрүшүндө Улуттук илимдер академиясынын эксперти Азамат Жанышбек уулу суралды.
Суракта Азамат Жаныш уулу бир гана сөздө чакырык бар деди. Бирок сотто келтирген экспертизасын тастыктап бере алган жок.

Кийинки соттук отурумда жарыш сөз болсун деген сунушка айыптоочу каршы чыгып, айыпталуучуларга карата дагы суроолор берилерин белгиледи.

Келерки сот отуруму 19-сентябрда улантылат.

Эске салсак, 16-январда 11 журналистке карата кылмыш иши козголгон. Азыркы тапта алардын жетөө үй камагына чыгып, төрт журналист тергөө абагында кармалууда. Журналисттер өздөрүнө коюлган айыптар менен макул эместигин билдирип келет.

Количество просмотров: 82