Кыргызстанда 21-октябрга карата114 адамдан таажы илдети аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб кабарлады.
Жаңы учурлар:
Ал эми бир суткада эки бейтап кайтыш болду.
60 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 640 бейтап, амбулатордук түрдө 560 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 223 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 875 киши айыгып чыкса, 2 миң 643 адам каза болду.