12-13-октябрда Бишкектеги билим берүү уюмдары (мектеп, менчик түрүнө карабастан орто жана жогору билим берүү уюмдары) аралыктан окушат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин саммити өткөрүлүшүнө байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуу сабактарын онлайн форматта өткөрүү жөнүндө” буйругу чыкты.
Буга чейин мэрия ордо калаада 12-13-октябрда мектептер онлайн режимге өтөрүн маалымдаган. Бул күндөрү бала бакчалар иштебейт.