• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

№12 автобустун схемасы жарым-жартылай өзгөрдү

7 Жалган куран 20249:25 Бишкек Govori.TV

 Бишкекте 7-марттан тарта «ЭКО жүргүнчүлөрдү ташуу» ЖЧКсы тейлеген №12 автобус каттамынын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөрөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жаңы каттам боюнча 12-автобус С. Каралаев жана И. Ахунбаев көчөлөрү аркылуу 7-апрель көчөсүнө чыгып, андан ары эски схема менен Арашан айылына барат.

Белгилей кетсек, аталган каттамга күнүнө 20 автобус чыгат. Мындай өзгөрүү шаардын коомдук транспорт тармагын оптималдаштыруунун алкагында өзгөрдү.

Количество просмотров: 163