• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бишкекте 20 каттамдын кыймыл схемасы өзгөртүлдү

11 Бирдин айы 2024 9:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында10-февралдан тарта Киев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө Байтик-Баатыр көчөсүнөн 20 кичи автобустук каттамдын (412 кичи автобус) кыймылы толугу менен альтернативдүү көчөлөргө багытталат.

Мэрия кабарлагандай, аталган аймактагы кичи автобустардын кыймылын өзгөртүү боюнча иш-чаралар борбор калаанын көчөлөрүндө жүрүп жаткан маршруттук схемаларды оптималдаштырууга жана тыгындарды жоюуга багытталган.

Өзгөртүү төмөнкү каттамдарга таасир этет:

№295, №257, №252, №246, №243, №225, №208, №202, №201, №199, №172, № 164, № 163, № 150, № 136, № 130, № 121, № 118, № 117, № 101.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын август айынан бери Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү тыгындарды жоюу максатында учурдагы маршруттук түйүндү оптималдаштыруунун алкагында төмөнкүдөй иштер аткарылган:

  1. Кичи автобустар токтоп калды: 426 даана.
  2. Чүй проспектисинен 35 кичи автобусттук каттам (970 кичиавтобус) чыгарылып, алар экинчи катардагы көчөлөргө багытталды.
  3. 23 автобустук каттам ишке киргизилип, анын ичинен 14 маршруттук такси автобустарга алмаштырылды.
Количество просмотров: 224