УКМК кызматкерлери татаал коррупциялык схеманы таап чыгышты. Бул тууралуу аталган кызмат өзү билдирди.
Маалыматка караганда, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилери ортомчулар менен бирге айдоочулук күбөлүктү алууда пара алуунун жолун уюштурушкан.
Тергөө маалыматы боюнча, айдоочу катары күбөлүк алуу үчүн теориялык жана практикалык экзаменди ийгиликтүү тапшырууну каалагандар ортомчуларга кайрылышкан. Ортомчулар агенттиктин кызматкерлерине кайрылып, андан ары алар экзамендердин ийгиликтүү болушун камсыз кылышкан. Алдын ала баалоого караганда, агенттиктин бир эле филиалы ай сайын 10 миллиондогон сомду мыйзамсыз таап турган.
Бул схеманын бардык катышуучулары кармалып, УКМК СИЗОсуна киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин коррупция боюнча беренеси менен кылмыш иши козголду.
Ушу тапта ондой адам кармалган. Андан аркы тергөө иштери уланууда.