• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

12-декабрь. Күндүн ыргагы… Айтматовдун туулган күнүнөн баштап, адабият окубай калган коом. Өзбекстанга суу сактагыч эле эмес, пансионаттар дагы өткөн атат

12 Бештин айы 2017 18:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 12-декабрь улуу жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана кыргыз Улуттук адабият күнү. Бул күнү Чыңгыз Айтматовду эскерген бир нече иш-чаралар болду. Жазуучунун “Ата-Бейиттеги” күмбөзүнө жана “Ала Тоо” аянтындагы эстелигине гүл коюлду. Өлкө аймагындагы окуу жайларда, китепканаларда эскерүү кечелери болду.

Govori.TV. мультимедиялык маалыматтык агенттиги Бишкек шаарын аралап, эл арасында сурамжылоо жүргүздү. Негизги суроолор: Сиз акыркы жолу кайсы китепти окуудуңуз? Кайсы китептер сизге жагат?

Сурамжылоого катышкан респонденттердин көбүнчөсү Чыңгыз Айтматовдун китептерин окуптур. Айрымдар колуна такыр китеп кармабаганы белгилүү болду.

 

Акыркы мезгилде Алмазбек Атамбаев резиденциядагы Президенттин үйүн бошотпой жатат деген кептер айытылып жаткан. Бул маалыматты Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Турусбек Коёналиев четке какты. Алмазбек Атамбаев өзүнө бөлүнгөн дачага көчүптүр. Ал дача баягы чуулу Кой-Таштагы үйбү же башкабы?-бул тууралуу сөз жок.

Акыркы мезгилде тынчый албай жаткан Украинада дагы саясий кырдаал курчуп бара жаткандай. Киевде сот Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвилини үй камагына алуудан баш тартты. Мындай жол менен прокуратуранын доо арызы четке кагылып, саясатчы бошотулду.

Украина бийлиги Саакашвилини «мурдагы президент, Орусияга качып кеткен Виктор Янукович башында турган кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүп, алардын кылмыштарын жашырган» деп айыптап жатат. Саакашвили бул дооматтарды четке какты.

Дүйшөмбүдөгү соттук отурумда ал өзүнө каршы козголгон кылмыш иши Орусия президенти Владимир Путинге карата “белек” экенин билдирди. Саакашвили бул иш менен алектенгендердин баарын “ФСБ тыңчылары” деп атады.

Соттун чечими чыккандан кийин Саакашвили прокурорлорго аны украин саясатынан оолак тутуу тапшырмасы берилгенин кошумчалады. Ал эл менен түз байланышын уланта берерин айтты. Грузиянын мурдагы президентинин тарапташтары 17-декабрда Киевде митинг өткөрүшөрүн билдиришүүдө.

 

Кечээ  “Орто токой” суу сактагычы Өзбекстан менен орток колдонулат деген маалымат тараган.

Бугун Жогорку Кеңештин эларалык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитети Орто-Токой (Казансай) суу сактагычын пайдалануу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашуу ратификациясын колдоду.

Айыл чарба, азык-түлүк жана мелиорация министри Нурбек Мурашев макулдашууга 2017-жылы 6-октябрда Ташкент шаарында кол коюлганын айтты.

Мурашевдин айтуусунда документте суу сактагыч Кыргызстандын суу чарба департаментине өтөрү жазылган.

Депутаттардын суроосуна жооп берип жатып суу сактагыч 165 млн кубметр суу батырарын, анын 8 пайызын Кыргызстан колдонсо, 92 пайызы менен Өзбекстан 25-28 миң гектар жерин сугарарып, 16 млн сом жылына төлөп турат. Объекте Кыргызстандын 60 жараны иштейт.
“Сууну пайдалануу боюнча эки тараптуу комиссия түзүлөт” ,-дейт Мурашев.

Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун үч окууда колдоп берди.

 

Бул маселе тууралуу мурдагы вице-премьер-министр, азыркы серепчи Базарбай Мамбетов өтө терс пикирин билдирди.

«Ушундай кылганыңар жетип турган акмакчылык. 1992-жылкы КМШ мамлекеттеринин келишими боюнча Орто-Токойду биз өзүбүздүн балансыбызга толугу менен өткөрүп алышыбыз керек болчу. Суу сактагычтан Өзбекстанга суу кое беришибиз атайын түзүлгөн келишим менен болушу керек. Тилекке каршы быйыл 6-октябрда, Атамбаев аны билбей, аларга ушул суу сактагычты берип салды. Эми Киров суу сактагычын казактарга, Токтогулду- өзбектерге, Сох дарыясынын жээгин өзбектерге бергиле. Биздин балансыбызда дагы 8 суу сактагыч бар, аларды да өткөрүп бергиле. Алардын эң чоңу- Үч-Коргон ГЭСинин суу сактагычынан чыга турган Чоң Наманган каналы, андан ылдый жакта Шамалды-Сайга жакын жерде Сол жээктеги Нарын каналы. Алардын барын өзбектерге дароо өткөрүп бергиле. Үңкүр-Тоону өзбектерге жакында эле өткөрүп бердик»,-деген Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов.

Базарбай Мамбетов айтып оозун жыйгыча Өкмөт Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты кайтарууну сунуштоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономика фискалдык саясат боюнча комитетинде вице-премьер-министр Даир Кенекеев билдирди.

“Макулдашуунун маңызы, Ысык-Көлдөгү 4 пансионат боюнча. (Бостери, Алтын-Жай, Эне-Сай, Бустон) Экс-президенттин Өзбекстанга болгон сапарында бул пансионаттар боюнча макулдашуу болгон. Өзбекстан арбитраждык сотко бул маселени чечүү боюнча кайрылып, менчик укугун талашып жатат. Өкмөт бул маселени укуктук талаада кароону сунуштайт”-деди Кенекеев.

Ал пансионаттар жайгашкан жер Кыргызстанга тиешелүү бойдон кала берерин, бирок, мүлк Өзбекстандын менчигине өтүшү керектигин кошумчалады.

Бүгүнкү күн мына ушундай жаңылыктар менен коштолду. Эртеңки күндү аманчылыкта тосолу.

Количество просмотров: 45