12-июнда күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарында, Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +12…+17 күндүз +30…+35
Таласта түнкүсүн +10…+15 күндүз +28…+33
Баткенде түнкүсүн +14…+19 күндүз +29…+34
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20 күндүз +30…+35
Ысык-Көлдө түнкүсүн +9…+14 күндүз +20…+25
Нарында түнкүсүн +8…+13 күндүз +22…+27
Бишкекте түнкүсүн +14…+16°, күндүз +31…+33° болот.