12-июнда Кыргызстанда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектериде жана тоолорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;
Талас жергесинде түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 25…27 градус болот.