13-июлдан 14-июлга караган түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы көл жээгинде кызмат өтөп жүргөн милиция кызматкерлери адам өмүрүн сактап калган.
Облустук милициянын маалыматына ылайык, түнкү жөө кайгуул учурунда кызматкерлер көлдүн ортосунан жардам сурап жаткан адамдын үнүн угушкан. Милиция кызматкерлери сууга чөгүп жаткан болжол менен 45–50 жаштагы азият улутундагы жаранды жээкке аман-эсен алып чыгышкан.
Жээкке чыгарылгандан кийин эс-учун жоготкон жаранга милиционерлер тарабынан алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.
Адам өмүрүн сактап калган кызматкерлер — Жети-Өгүз РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын тескөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Ибрагим Женишов жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун взвод командири, милициянын лейтенанты Элдияр уулу Турсунбек.
Өз убагында көрүлгөн чаралардын натыйжасында жарандын өмүрү сакталган. Ал Ош облусунун 54 жаштагы тургуну экендиги такталып, учурда ден соолугунун абалы канааттандырарлык, өмүрүнө коркунуч жок.
Ысык-Көл ОИИБ жарандарды жана эс алуучуларды көлдө эс алуу учурунда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.