Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи турунун мөөнөтү узартылды.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин маалыматына ылайык, документ тапшыруу мөөнөтү 2026-жылдын 15-июлу саат 21:00гө чейин узартылды.
Мындай чечим маалыматтык системалардын ишинде, анын ичинде “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасында убактылуу үзгүлтүк жаралгандыгына байланыштуу кабыл алынды.
Көйгөй Маалыматтарды иштеп чыгуу борборунун жабдууларын тышкы электр энергиясы менен камсыздоодо келип чыккан техникалык мүчүлүштүктөн улам пайда болгон.
Министрлик кабыл алуу жараянын үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана абитуриенттерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында мөөнөттү узартуу чечими кабыл алынганын белгиледи.