• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Караколдо мыйзамсыз курулуш жүргүзгөндөр айыпка жыгылды

15 Теке 202615:39 Бишкек Govori.TV

Караколдо мыйзамсыз курулуш жүргүзгөндөргө 400 миң сом айып пул салынды.

Көзөмөлдөө иш-чараларынын жүрүшүндө Каракол шаарынын Алыбеков көчөсү, 136 жана Жусаев көчөсү, 198 даректеринде жайгашкан соода жана өндүрүш багытындагы объектилерде шаар куруу мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, Алыбеков көчөсү, 136 дарегинде жайгашкан балдар дүкөнүндө долбоордук-уруксат берүүчү документтери жок темир конструкцияларына кошумча курулуш жүргүзүлгөн. Ошондой эле Жусаев көчөсү, 136 дарегинде жайгашкан металл кабыл алуу пункту тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз пайдаланылып жаткандыгы аныкталды.

«Натыйжада жооптуу тараптар И.Ж.К. жана М.Б.К. карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, ар бирине 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, мыйзам бузууларды белгиленген мөөнөттө жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 15