12-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20;
Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;
Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16.
Бишкек шаарында түнкүсүн 9…11°, күндүз 17…19° жылуу болот.