• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

12-ноябрда Гагарин көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

11 Жетинин айы 202316:19 Бишкек Govori.TV

Эртең, 12-ноябрда Гагарин көчөсүнүн Асаналиев көчөсүнөн Псковская көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган көчөдө 7:00дөн 23:00гө чейин диаметри 600 мм болгон канализация түтүктөрүн коюу боюнча курулуш-куроо иштери жүргүзүлмөкчү.

Айдоочуларга алдын ала альтернативдүү маршруттарды тандап алуу сунушталат.

Количество просмотров: 202