Германияга окуу жана иштөө үчүн барган 150гө жакын кыргызстандык кыздар кыйын кырдаалга туш болушту. Бул тууралуу коомдук ишмер жана блогер Медиса Жокиева билдирип, алардын билдирүүлөрүн жарыялады.
Маалыматка караганда, алар жайкы үч айлык каникулда жумушка жеке фирма аркылуу барып, ар бири 55 миң сомдон төлөгөн. Аталган өлкөгө барышкан соң компаниянын ал жактагы өнөктөштөрү студенттерди жумушту өздөрү табышы керектигин айтышкан.
Видеодо айтылгандай, студенттер 25-июлда жумуштан, 27-июлда жатаканадан чыгарылышы мүмкүн.
Окуя боюнча расмий органдар тарабынан маалымат бериле элек.
Бул арада жогорудагы аты аталган Samara Academy уюму социалдык тармактардагы баракчасында бул боюнча түшүндүрмө берди. Компания жогорудагы маалыматтардын баары чындыкка дал келбей турганын, студенттердин жашаган жери 27-июлга чейин төлөнгөнүн, андан кийин дагы узартыларын билдирди. Ал улан-кыздардын алды жумушка чыкканын да кошумчалады.