• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Балбан Асан Жанышов дүйнөлүк рейтингде 1-орунга чыкты

23 Теке 202612:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Асан Жанышов Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун 87 кг чейинки салмактагы жаңыланган дүйнөлүк рейтингинде 1-орунга көтөрүлдү. Бул маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

Рейтинг 19-июлда Венгрияда жыйынтыкталган Ranking Series турниринен соң өзгөртүлгөн. Анда Жанышов венгриялык жана хорватиялык атаандаштарын жеңип, жарым финалга чейин жетти. Чейрек финалдык таймашта хорватиялык Иван Хуклекке каршы күрөштө жаракат алганына карабастан, таймашты жеңиш менен жыйынтыктай алган. Бирок машыктыруучулар андан аркы беттештерден баш тартышкан.

Жыйынтыгында кыргыз балбаны турнирде 5-орунга ээ болуп, 9 000 рейтингдик упай топтоду. Бул көрсөткүч ага UWW рейтингинин сап башына чыгууга мүмкүнчүлүк берди.

Количество просмотров: 27